Ала-Букада "мугалим окуучуга 17 жолу ийне сайган" деген маалымат териштирилип жатат
Ала-Букада "мугалим окуучуга 17 жолу ийне сайган" деген маалымат териштирилип жатат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
"Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №40 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими тапшырма аткарбагандыгы үчүн 5-класстын окуучуларынын колуна ийне сайган делип жатат. Бул окуя 2023-жылдын 27-октябрында болгон. Учурда бул боюнча Ички иштер министрлигине билдирилип, териштирүү иштери башталгандыгын кабарлайбыз",- дешти.