Ала-Букада "Беспредельщик" атыккан жаран кармалды
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда “беспредельщик” атыккан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКга Ала-Бука районунун тургундарынан "1971-жылы туулган Ала-Бука айылынын тургуну мурда бир нече жолу соттолгон (бейбаштык үчүн 4 жолу жана киши өлтүрүү үчүн 1 жолу), өзүн криминалдык авторитет катары көрсөткөн жана жергиликтүү тургундарга, атап айтканда Ала-Бука айылындагы коммерциялык жайлардын ээлерине карата туруктуу негизде физикалык зомбулук көрсөттү" деген кайрылуулары келип түшкөн.
1-апрелде ал кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда анын жашаган жерин тинтүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал табылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.