SerepTV Logo

"Баасы 3 миллион 725 миң сом". Ала-Бука, Аксы районунда 34 малды Өзбекстанга айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалды

"Баасы 3 миллион 725 миң сом". Ала-Бука, Аксы районунда 34 малды Өзбекстанга айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалды
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Аксы райондорунда 34 уйду чек ара аркылуу Өзбекстанга алып кетүүгө аракет кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады. 30-июль күнү Аксы районунда Кыргызстандан Өзбекстанга 13 малды айдап өтүүгө аракет кылган жаран кармалган. Ал Аксы районунун Согот айылынын тургуну 1992-жылы туулган А.у.Н. болгон. Бүгүн, 1-август күнү Ала-Бука районунун Ак-Там аймагында чек арачылар Аксы районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну 1989-жлы туулган С.К.ны 21 малды Өзбекстанга айдап бараткан жеринен кармаган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, малдардын жалпы суммасы 3 миллион 725 миң сомго бааланат. "Кармалган эки жаран тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди", - дейт УКМКнын басма сөз кызматы.