Ала-Буга суусуна түшүп кеткен 28 жаштагы жигиттин сөөгү табылбай жатат
Ак-Талаа районундагы Ала-Буга суусуна түшүп кеткен 1993-жылы туулган жигиттин сөөгү табылбай жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ак-Талаа районундагы Жеңиш айылында өткөн жылдын 27-декабрь күнү эркек киши Ала-Буга суусуна түшүп кеткен. Издөө иштери 2021-жылдын 6-январына чейин жүргүзүлгөн. Бирок дарыянын жээктери муз болгондуктан токтотулган.
16-март күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин №47 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган. Бирок сөөк табылган эмес. Бүгүн да издөө иштери улантылат.