SerepTV Logo

Ала-Арча суу сактагычынан 54 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Ала-Арча суу сактагычынан 54 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Ала-Арча суу сактагычына түшүп кеткен 54 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге Калыс-Ордо жаңы конушуна жакын жайгашкан Ала-Арча суу сактагычына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жерге Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы бөлүмдөн 4 куткаруучу жана кошумча Суучулдар кызматынан 3 суучул тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында, суучулдар тарабынан Ала-Арча суу сактагычынан 54 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.