"Ала-Арча" паркына барчу жолдо катталган жол кырсыктын видеосу тарады
Бишкек — "Ала-Арча" паркы жолундагы "Сейил" эс алуу жайынын тушунда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүштү. Кырсыктын видеосу соцтармактарга жарыяланды.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 14-апрелде катталган. Түштүктү көздөй бараткан жеңил унаа алдындагы КамАЗ менен сүзүшкөн. Ооруканага эки айдоочу менен кошо Honda Civic унаасынын жүргүнчүлөрү да кайрылган.