SerepTV Logo

Акын Аскат Жетиген 3 жылга эркинен ажыратылды

Акын Аскат Жетиген 3 жылга эркинен ажыратылды
Бүгүн, 1-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда акын Аскат Жетигендин иши боюнча чечим чыкты. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылды. Экинчи 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча сот акынды актады. 16-мартта акын Аскат Жетиген “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деп кармалып, 18-мартта эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Бирок 20-мартта ага карата дагы бир кылмыш козголгону маалым болуп, эки айга камакка алынган болчу.