SerepTV Logo

Акылбек Жамангулов Башкы прокуратура тарабынан кармалганы маалымдалууда

Акылбек Жамангулов Башкы прокуратура тарабынан кармалганы маалымдалууда
MegaCom'дун мурдагы директору, экс-депутат Акылбек Жамангулов Башкы прокуратура тарабынан кармалганы маалымдалууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянып жазышты. Башкы прокуратура экс-депутаттын кармалганы жөнүндө маалыматты ырастай элек. Акылбек Жамангулов кечээ, 12-мартта Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына суракка чакырылган жана сурактан кийин кармалган. Алдын ала маалымат боюнча, ал ири көлөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө. Акылбек Жамангулов 33 жашта. 2015-жылы "Республика-Ата журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2018-жылы MegaCom'дун директору болуп дайындалып, бул кызматтан 2021-жылы март айында кеткен. 2020-жылы парламенттик шайлоодо "Биримдик" партиясын жетектеген.