Аквапаркта каза болгон баланын энеси: "Талма оорусу бар дешиптир. Уулум бир ооруп көргөн эмес, таптаза болчу"
6-июнь күнү Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Анын апасы Асел Азыкова окуя кандай болгондугу тууралуу SuperTV каналына айтып берди.
"Менин баламды талмасы бар экен деп айтып жатышыптыр. Ушул күнгө чейин уулум бир жолу грипп болуп, ийне алып көргөн эмес. Анын медициналык карточкасын да карап көрүшсүн. Баламдын ден соолугу таза болчу, болтойгон эч ооруп көрбөгөн бала эле. Мен бул окуяга мектептин директорун жана аквапарктын администрациясын күнөөлөйм. Аквапаркка барганда 20дай спринтер туруптур. Ичинде 300дөй бала бар экен. Биринин үстүнө бирин мингизип акча жасаш үчүн ошондой тобокелге барыша беришеби? Бизди ата-энелер, өзүңөр келип карагыла десе, барбайт белек", - дейт каңырыгы түтөгөн эне.
https://www.youtube.com/watch?v=VrDvsuO4mzY