SerepTV Logo

Активист Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасы 2 сааттан кийин каралат

Активист Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасы 2 сааттан кийин каралат
Бүгүн, 17-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунда жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасы каралды. Анда активисттин адвокаты иш менен таанышууга соттон 2 саат убакыт сураган. Соттун чечими менен баш коргоо чарасы 2 сааттан кийин каралат. Белгилей кетсек, 15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишкен. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. 9-март күнү Кудайбергенов тарапташтары менен Ак үйдүн жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясын уюштуруп, президент Садыр Жапаровду, Жогорку Кеңештин спикерин жана депутаттарды бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экенин билдирген.
edita