SerepTV Logo

Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаев үй камагына чыгарылды

Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаев үй камагына чыгарылды
Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы кечээ, 31-октябрда Свердлов райондук сотунда каралган.

Кашкарбаев мындан эки күн мурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага Жазык кодексинин 355-беренесинин 2-бөлүгү (бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү), 344-беренесинин 1-бөлүгү (кылмыш жөнүндө атайылап жалган билдирүү берүү), 119-берене (майда бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.