Аксыдагы окуучу кыздын көз жарышы. Тергөө иштери башталды
Аксы районунун Кара-Суу айылында болгон окуя боюнча Жазык кодексинин 164-беренесине ылайык (16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашта болуу) кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери "102" кызматы аркылуу 1-апрель күнү саат 07:00 чамасында Аксы районунун Кара-Суу айылынын 2007-жылы туулган тургуну Аксы аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө келип, төрөгөндүгүн кабарлаган. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.