SerepTV Logo

Аксыда сел алып кеткендердин арасында 5 жаштагы бөбөк бар. 2 адам дайынсыз

Аксыда сел алып кеткендердин арасында 5 жаштагы бөбөк бар. 2 адам дайынсыз
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында кыска мезгилде жаап өткөн жамгырдан улам сел алып кеткен 8 адамдын алтоосунун сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. "Кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Таштак айылынын 2016-жылы туулган тургунун жана 7 жаранды агызган. ӨКМ тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринен 6 адамдын - 2 эркек, 4 аял кишинин жансыз денелери табылып, сел калдыктарынан алынып чыгарылды. Учурда баарынын аты-жөндөрү такталып жатат. Калган 2 адамды издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес. Кеч киргендигине байланыштуу саат 01:25те издөө иштери убактылуу токтотулду. Бүгүн улантылат", - деп айтылат маалыматта. Социалдык тармактарда сел жүрүп баштагандагы видеолор тарап жатат.