SerepTV Logo

Аксыда сел алып кеткен 3 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Аксыда сел алып кеткен 3 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды
12-июль күнү Аксы районунда сел жүрүп, кесепетинен 6 адам көз жумган. Дагы 2 кичинекей бала дайынсыз болуп жаткан. Бүгүн саат 06.30дан баштап ӨКМдин 15 куткаруучу, Аксы райондук РИИБден 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, издөө иштерин улантып жатышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн, 14-июлда дайынсыз болуп жаткан 2018-жылы туулган кыздын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Ал эми дагы бир 2016-жылы туулган, дайынсыз болуп жаткан баланын жансыз денеси табыла элек. Издөө иштери уланып жатат.