SerepTV Logo

Аксыда сабалган кишинин аялы жана уулу шектүү катары кармалды

Аксыда сабалган кишинин аялы жана уулу шектүү катары кармалды
Аксы районунда сабалган кишинин аялы жана баласы шектүү делип Аксы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалымат боюнча, Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө Авлетим айыл аймагынын 1962-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 25-июнь күнү саат 20:00 чамасында аялы жана баласы экөөлөп үйүнүн ичине камап алып, уруп, денесине залал келтиргендигин билдирген. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 27-июнда Аксы РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Аталган окуя боюнча Аксы РИИБдин жетекчилиги, тергөө-ыкчам тобу чыгышып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, сүрөткө алынган. "Азыркы учурда жабырлануучунун денесине соттук-медициналык экпертиза дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тиешелүү адамдар суралып, окуянын чоо-жайы такталып, натыйжада шектүү катары жабырлануучунун 1963-жылы туулган аялы жана 26 жаштагы уулу кармалып, тергөө тарабынан 48 саатка Аксы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан. Буга чейин социалдык тармактарга Авлетим айыл өкмөтүнүн Дейрес айылында белгисиз бир жаран баласы менен аялы тарабынан сабалган делип, жабыркаган кишинин видеосу тараган.
Unknown Author