SerepTV Logo

Аксыда өспүрүм каза болду. Анын өлүмүнө окуучу шектелип жатат

Аксыда өспүрүм каза болду. Анын өлүмүнө окуучу шектелип жатат
Аксыда 17 жаштагы өспүрүм көкүрөгүнө бычактан жаракат алып каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты. "5-декабрь күнү Аксы РИИБге 2006-жылы туулган өспүрүм көкүрөгүнө бычактан жаракат алып, жараатынан улам каза болуп калгандыгын билдирген. Бул окуя Аксы РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын тургуну 2007-жылы туулган окуучу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген",- дешти.