SerepTV Logo

Аксыда мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылды

Аксыда мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылды
Бүгүн, 19-апрелде Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды. Маалыматка караганда, алар түнкү саат 1:30 чамасында кырсыкка кабылышкан. Жабыр тартып, ооруканага түшкөн 3 адамдын экөө окуучулар. Алар 15 жаштагы жана 16 жаштагы балдар болгон. Ал эми унааны айдап бара жаткан адамдын абалы оор болгондуктан ага операция жасалды. 2 окуучунун абалы жакшы. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн окуучулар ооруканада экенин ырастап, учурда кырсык боюнча териштирүү болуп жатканын айтты.
Unknown Author