SerepTV Logo

Аксыда классташтар жол кырсыгына кабылып, 5 бүтүрүүчү ооруканага жеткирилди

Аксыда классташтар жол кырсыгына кабылып, 5 бүтүрүүчү ооруканага жеткирилди
Аксыда бүтүрүүчү класстын окуучулары жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, унаанын ичинде 5 бүтүрүүчү - 3 кыз, 2 бала болгон. Кырсык Кербен - Үч-Коргон унаа жолунда катталган. Субару Легаси унаасын 2003-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан жана ооруканага бешөө тең кайрылган. "Унаа жардан кулаган", - деп айтылат маалыматта.