SerepTV Logo

Аксыда жүргөн сел 6 адамдын өмүрүн алды

Аксыда жүргөн сел 6 адамдын өмүрүн алды
Аксы районунда сел жүрүп, анын кесепетинен 6 адам көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында саат 18:00 чамасында кыска мезгилде жаап өткөн жамгырдан улам, кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Жаңы-Жол жана Таштак айылынын турак-үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Мал-Калды жайлоосуна баруучу ички жолдордогу ички чарбалык көпүрөлөрдү алып кеткен. Селдин кесепетинен алдын ала маалыматка ылайык, Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылынын тургуну Мал-Калды суусуна агып кеткен жана 7 жаранды сел агызып кеткен. Жерине ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы капитанынын жетекчилигинде ыкчам тобунан 5 куткаруучу, Таш-Көмүр шаарында жайгашкан 2-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 20 куткаруучу жалпы 25 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында, саат 23:40 чамасында 6 адамдын жансыз денелери табылган.