Аксыда аты үркүп сууга түшүп кеткен 11 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү бир айдан кийин табылды (сүрөт)
Аксы районунда көпүрөдө аты үркүп сууга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 24-май күнү 2010-жылы туулган бала Кара-Суу айыл аймагындагы Түндүк жайлоосуна мал айдап бара жатканда көпүрөдөн аты үркүп, сууга түшүп кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүп, бирок табылбай келген. Кечээ, 22-июнь күнү издөө иштердин натыйжасында саат 18:00 чамасында куткаруучулар тарабынан Желе-Терек тилкесиндеги сууга түшкөн жерден болжол менен 4-5 чакырым төмөн жактан баланын жансыз денеси табылып, суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүп берилди.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="58368,58369"]