Аксыда аты үркүп, сууга кирип кеткен баланын сөөгү 22 күндөн бери табыла элек
24-май күнү Терс айылынын 11 жаштагы тургуну Кара-Суу айыл аймагынын Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатып, көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткени маалым болгон.
14-июнь күнү жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында ӨКМден 11 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 3 адам тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон эмес. 15-июнь күнү издөө иштери улантылат.