SerepTV Logo

Аксыда аты үркүп, сууга кирип кеткен 11 жаштагы баланын сөөгү табыла элек

Аксыда аты үркүп, сууга кирип кеткен 11 жаштагы баланын сөөгү табыла элек
24-майда Аксы районунда мал айдап бара жатып, көпүрөдөн аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга кирип кеткен баланы издөө иштери жүрүп жатат. Ал 2010-жылы туулган Жаңы-Жол айыл аймагынын Терс айылынын тургуну. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, 11 жаштагы бала Кара-Суу айыл аймагынын Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатканЖерине 15 куткаруучу тартылып, 8 чакырым суунун жээгин издөө иштерин жүргүзүлгөн. Бүгүн, 26-май күнү издөө иштери улантылат.
edita