Аксыда аты менен сууга түшүп кеткен бала 18 күндөн бери изделүүдө
Аксыда аты менен сууга түшүп кеткен өспүрүм табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-май күнү Аксы районунда Терс айылынын тургуну 2010-жылы туулган эркек бала Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатып мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен. 9-июнь күнү жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында 11 куткаруучу тартылды. Бирок натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 10-июнь күнү издөө иштери улантылат.