SerepTV Logo

Аксыда 11 жашар бала изделүүдө. Ал аты менен кошо сууга түшүп кеткен

Аксыда 11 жашар бала изделүүдө. Ал аты менен кошо сууга түшүп кеткен
Аксыда сууга түшүп кеткен 11 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. Бүгүн, 24-майда Жаңы-Жол айыл аймагынын Терс айылынын 2010-жылы туулган тургуну Кара-Суу айыл аймагынын Түрдүк жайлоосуна мал айдап бара жатып, Желе-Терек тилкесиндеги мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен. Жерине 13:50 чамасында 5 куткаруучу атайын куткаруучу унаасы менен тартылган. Милиция кызматкерлери тарабынан баланын аты-жөнү такталууда жана издөө иштери жүргүзүлүп жатат.
admin@supertv.kg