SerepTV Logo

Аксынын "смотрящийи" кармалды. Ал ишкерлерден акча талап кылууга шектелүүдө

Аксынын "смотрящийи" кармалды. Ал ишкерлерден акча талап кылууга шектелүүдө
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча “көзөмөлчү” (смотрящий) кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 11-октябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде (пара талап кылуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон иш боюнча Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча “көзөмөлчү” (смотрящий) кармалды. Кармалган адам физикалык зомбулук көрсөтөм деп, коркутуу жолу менен Аксы районундагы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөнү аныкталган. Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө анын жашаган жеринде каттоодон өтпөгөн ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар табылып, процессуалдык тартипте алынды.