Аксы районунда ээн үйдүн короосунан ымыркайдын жансыз денеси табылды
Аксы районунда эч ким жашабаган үйдүн короосунан ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-март күнү Аксы РИИБдин "102" кызматына Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында ымыркайдын жансыз денеси табылды деген маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге кызматкерлер барып, ымыркайдын (уул) жансыз денесин кийимсиз, бети-колу жарым-жартылай тытылган абалда табышкан.
Учурда ымыркайдын энеси изделип жатат.
Ал эми айыл тургундары жергиликтүү ЖМКларга окуя тууралуу буларды айтып беришкен:
«Окуя 10-марттын таңында болгон. Айылдагы эч ким жашабаган үйдүн короосуна белгисиз бирөө ымыркайды таштап кетип калган. Анын колдорун күчүктөр тиштегилеп салыптыр. Баланы ошол жердеги тургун байкап калып, элдерди чакырган. Окуя болгон жерге милиция, тез жардамды чакырдык. Бирок, аракетибизден майнап чыккан жок. Жаңы төрөлгөн ымыркай өлүп калган экен. Баланын жансыз денесин Кербен шаарынан келген эксперттер алып кетишти. Биз милицияга арыз менен кайрылдык. Кечээтен тарта милиция, айыл өкмөттөн куралган коммисия жана ак халатчандар менен бирге айылдагы үйлөрдү кыдырып, баланын энесин издеп жатабыз. Ушундай эле издөө бүгүн да уланат».