АКШда кыргызстандык жигиттин өлтүрүлүшү. Окуя элчиликтин, министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө
АКШда Кыргыз жаранынын полиция тарабынан атып өлтүрүлүшү боюнча Тышкы иштер министрлигинен кошумча маалымат берилди.
Маалыматка караганда, элчилик иштин жагдайын тактоо жана болгон трагедия тууралуу толук маалымат алуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүдө. 8-октябрда АКШдагы Кыргызстандын элчиси Бактыбек Аманбаев менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лунун ортосунда сүйлөшүүлөр болгон. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмүн эртерээк жана деталдуу иликтөө зарылдыгына көңүл бурду.
"Бул маселе министрликтин жана Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.