SerepTV Logo

Акжолтой Тукунов кайра камакка алынды

Акжолтой Тукунов кайра камакка алынды
Монополияга каршы кызматтын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов кармалды. Чүй ОИИБден билдиришкендей, Тукунов массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип жатат. 19-апрелде анын бөгөт чарасы каралып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Сот анын кармалышын мыйзамсыз деп тапкан. Бүгүн, 26-апрелде Чүй ОИИБ маалымат таратып, анын кармалышы мыйзамдуу деп табылып, камакка алынганын билдиришти. Жасалган кылмыштын оордугуна карабастан, Аламүдүн райондук соту тарабынан шектүү мыйзамсыз кармалган делип, 16-июнга чейин эч жакка кетпөө тууралуу тил каты менен бошотулган. Чүй ОИИБ мунун үстүнөн аппеляциялык арыз менен кайрылды.

26-апрелде Чүй облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы арызды карап, жарандын камакка алынышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапкан жана ал 17-июнга чейин камакка алынды.