"Акчаны кайтарып берсин". Аткаминерлер пенсионерди документтери жасалма болгон деп айыптоодо
Жоюлуп кеткен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери башкача айтканда учурдагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагында болгон социалдык өнүктүрүү кызматы пенсионер, Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын жабырлануучусу Кайратбек Эралиевди сотко берди. Бул тууралуу маалыматты мекеменин басма сөз кызматы такстыктады.
Маалыматка ылайык, аталган аткаминерлердин арызынын негизинде учурда пенсионерге карата кылмыш иши козголгон. Жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кайратбек Эралиевди күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечимин чыгарган. Бирок жаза мөөнөтү шарттуу түрдө 3 жылга алмаштырылган. Ошондой эле сот пенсионерге 1 миллион 503 миң сом айып пул да салган.
Пенсионер Кайратбек Эралиев "алдамчылык" жана "документтерди жасалмалоо" сыяктуу бир катар беренелери боюнча айыпталууда. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү экспертизага шилтеме жасап, Кайратбек Эралиев жөлөк пулду жана компенсацияны көбөйтүү максатында жасалма документтерди жасап алган деп жатышат. "Ал берген рентген жөнүндө медицциналык документтерин жасап, өзүн майып кылып көрсөткөн. Ошентип, 1995-жылдан 2015-жылга чейин ал 1 миллион 112 миң 573 сом компенсация алган, ал эми пенсиясы ушул жылдар аралыгында 174 миң 595 сомду түзгөн. 2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун көлөмү 210 миң сомго жеткен", - деп билдиришти пенсионерди айыптап жаткан министрлик. Ошондой эле Биринчи Май райондук сотунда Эралиев өзүнүн иш-аракеттери менен мамлекетке 1 миллион 503 миң сом өлчөмүндө зыян келтиргендиги далилденген.
Бирок пенсионер Кайратбек Эралиев ага коюлган айыптоолор менен макул эмес. Ал документтери жасалма эмес экенин айтып, чындыгында олуттуу ооруулар менен ооруй турганын айтууда. "Бардык оорулар өнөкөт мүнөзгө ээ жана ал Чернобылда иштеп жүргөндө алган радиациянын натыйжасы", - деп билдирүүдө пенсионер.
Биринчи Май райондук сотунун чечиминен кийин жабырлануучу пенсионердин жакындары Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан. Бирок соттук процесс тынымсыз жылдырылууда. Жабырлануучу тараптын өкүлдөрүнүн айтымында, айыпталуучунун мамлекеттик жактоочусу сотко себепсиз келбей жатат.
Эртең, 30-мартта Жогорку Сотто бул иш кайрадан каралат.