SerepTV Logo

Ак-Талаада унаа айдап качкан шектүү кармалды

Ак-Талаада унаа айдап качкан шектүү кармалды
Унаа уурдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 9-апрель күнү саат 12:30 чамасында Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылынын тургунунун үйүнүн алдында токтоп турган өзүнө тиешелүү Ниссан-Пресаже унаасын белгисиз адамдар уурдап, айдап кетишкен. Уурдалган унааны жана белгисиз кылмышкерди табуу багытында атайын издөө боюнча ыкчам иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмыштын из сууй электе ачылып, унааны уурдап айдап качып кеткен ошол эле айылдын тургуну Ак-Талаа районунун аймагынан кармалып, териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн, тергөө кызматына өткөрүп берилди.