SerepTV Logo

Ак-Суудагы Кайыңды жайлоосунун жолу 5 күндө ачылат

Ак-Суудагы Кайыңды жайлоосунун жолу 5 күндө ачылат
Ак-Суу районунун Эңилчек айылынан Кайыңды жайлоосуна баруучу жолду тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациядан маалымдашты. "Кечээ, 5-июнда саат 21:00гө карата Эңилчек айылынан Кайыңды жайлоосуна баруучу жолдо Боз-Кыя өтмөгүнө болжолдуу 3000 кубдан ашык таш, кум аралаш көчкү түшкөн. ӨКМнын 2 даана техникасы жер кургаган сайын жолду тазалап жатышат, күйүүчү майлар жетиштүү. Алдыда дагы 4-5 күн аралыгында Кайыңды жайлоосунун жолу толук ачылмакчы. Тазалоо иштерине 10 куткаруучу, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери тартылды. Ал эми Сары-Жаз өрөөнүндөгү жол толугу менен тазаланды, малчыларга жардам көрсөтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта. Буга чейин социалдык тармактарда Эңилчек айылынан өтчү жолдор тазаланбай, ӨКМнын техникалары иштебей, жол тосулуп калганы тууралуу видео тараган. ӨКМ ал видеолорду 3-июнда тартылганын жана андан бери тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирген.