"Ак-Ордодо" өспүрүм апасына болушуп, өгөй атасына бычак сайды
16 жаштагы өспүрүм апасына болушуп, өгөй атасына бычак сайды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-апрелде саат 23:30 чамасында Бишкек ШИИББге Улуттук хирургиялык борбордон чалып, бычактан жаракат алган жаран түшкөнүн кабарлашкан.
Жеринде барган милиция кызматкерлери "Ак-Ордо" жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде 2004-жылкы бала апасына кол көтөргөнү үчүн өгөй атасын бычак менен сайып таштаганын аныкташкан. Ал көкүрөгүнөн, курсак тушунан жана сол ийнинен жаракат алган.
Бул факт Ленин райондук ИИБде катталып, "Ден соолуккка оор залака келтирүү" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Керектүү экспертизалар дайындалды.
Издөө иштеринин натыйжасында шектүү туугандарынын үйүнөн табылды. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.