SerepTV Logo

Ак-Ордо конушунда мамыга байланган жарандын туугандары милицияга арыз жазуудан баш тартышты

Ак-Ордо конушунда мамыга байланган жарандын туугандары милицияга арыз жазуудан баш тартышты
Ак-Ордо конушунда уурулук кылган делип, жол боюндагы мамыга байланган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, уурулук кылууга шектелип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти. Кечээ, 20-июнда Чүй ОИИБден саат 16:00 чамасында жергиликтүү тургундар уурулук кылган делген кишини кармап алышканын, ал жерге барган милиция Ак-Ордо конушунда тургундар телефон жана башка буюмдарды уурдап алган делген кишини мамыга байлап койгонун аныктаганын, милициянын бөлүмүнө 1965-жылы туулган жаран жеткирилгенин билдиришкен.  Бүгүн, 21-июнда шектүүнүн туугандары анын психикалык ооруканада дарыланып чыкканын, тизмеде турарын, ал өзүнүн кыймыл-аракеттерине жооп бере албасын айтышкан. Соцтармаккка тараган видео боюнча милицияга арыз жазышпай турганын, эч кимге доосу жок экенин билдиришти. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.