SerepTV Logo

Ак-Ордо конушунда мамыга байланган жаран. Туугандары анын психикалык жактан жабыркарын айтышты

Ак-Ордо конушунда мамыга байланган жаран. Туугандары анын психикалык жактан жабыркарын айтышты
Ак-Ордо конушунда уурулук кылган делип, жол боюндагы мамыга байланган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.
  •  20-июнда Сокулук РИИБге саат 16:00 чамасында жергиликтүү тургундар уурулук кылган делген кишини кармап алышканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция Ак-Ордо конушунда тургундар телефон жана башка буюмдарды уурдап алган делген кишини мамыга байлап койгонун аныктаган. Аталган факты РИИБге каттоого алынды. Бардык жагдайларды териштирүү үчүн милициянын бөлүмүнө 1965-жылы туулган жаран жеткирилген.
Териштирүү иштери улантылып, шектүүнүн конуштагы үйгө кирип, бир нече бут кийимин жана телефонун уурдап, качып кеткени аныкталган. Ал үй ээсине 14 миң 500 сом зыян келтирген. Бул факты да каттоого алынды. Кармалган жарандын туугандары анын психикалык ооруканада дарыланып чыкканын, тизмеде турарын, ал өзүнүн кыймыл-аракеттерине жооп бере албасын айтышты. Кармалган жаран тергөө абагында.