SerepTV Logo

"Ак-Марал" пансионатында бир коттедж толугу менен күйүп кетти

"Ак-Марал" пансионатында бир коттедж толугу менен күйүп кетти
Ысык-Көл облусунун Бает айылындагы “Ак-Марал” эс алуу борборунда өрт чыкты. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.  Маалыматка караганда, эс алуу борборундагы эки кабаттуу жалпы аянты 240 чарчы метр болгон коттедж толугу менен күйгөн. Жерине 3 өрт өчүрүүчү топ тартылып, тилсиз жоо түнкү 1:28 чамасында толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.     
Unknown Author