Ак-Буура - Араван каналына түшүп кеткен эки өспүрүмдү издөө иштери уланууда
Ош облусунун Ак-Буура - Араван каналына 18 жаштагы жана 13 жаштагы эки өспүрүм түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылды. Бирок натыйжа болгон эмес. 30-июнь күнү издөө иштери улантылат.