Айзаданын уурдалышы. Соттук отурум 27-июлга жылдырылды
Бүгүн, 13-июлда Биринчи Май райондук сотунда Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок адвокаттын ооруп жатканына байланыштуу соттук отурум жылдырылды. Бул тууралуу аталган райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, кийинки соттук отурум 27-июлда саат 09:00дө башталат. Белгилей кетсек, Айзада Канатбекованы уурдоо ишинде беш айыпталуучу бар - Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов.
Айзада Канатбекованы 5-апрелде уурдап кетишкен. Окуя болгондогу видео соцтармактарга тараган. Эки күндөн кийин уурдаган жарандын жана кыздын жансыз денеси унаадан табылган. Айзада Канатбекованы өлтүрүү боюнча кылмыш ишинин жабылышына өлтүргөн жарандын кошо каза болгондугу себеп болгон. Ал эми адам уурдоого шектелген 5 жарандын иши сотко өткөн. Бүгүн дал ошол беш шектүүгө карата соттук отурум болмок.