SerepTV Logo

"Айзада унаага өзү отурган". Шектүү кызды кантип ала качышканын айтып берди

"Айзада унаага өзү отурган". Шектүү кызды кантип ала качышканын айтып берди
Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши каралып жатат. Соттук отурумда айыпталуучу Орузбек Нурумбетов кызды уурдап, кийин муунтуп өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаев менен беш-алты ай мурда таанышканын айтты. Бул тууралуу "24.кж" жазды.

«Замирбек Теңизбаев кыз менен эки жылдан бери сүйлөшүп жүргөнүн айтып, кийин үйлөнүү үчүн аны ала качууга жардам сурады. Мен жардам берүүгө макул болдум. Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен кызга жолуктук. Алгач Замирбек аны менен өзү сүйлөшөрүн айткан. Бир аздан кийин мен кыздын колунан кармадым, ал коё бер деп, унаага отурду. Унаада тынч эле кетип баратты. Анан мен унаадан түшүп кеттим. Бир аздан кийин Замирбекке жаздым, ал экөө тең Ош тарапка кетип бара жатышканын айтты. Айзаданын жоголгонун интернеттен билип калдым. Замирбекке жазсам, ал Ош тарапка кетип баратам деди. Эки сааттан кийин мени кармашты», - деди Орузбек Нурумбетов сотко көрсөтмө берип жатып. Мындан тышкары ал Айзада Канатбекованын Замирбек Теңизбаевге турмушка чыгууга макул экендигин билдиргенин айтты.

Жогоруда айыпталуучу кыздын унаага өзү отурганын айтканы менен уурдоо учуру байкоо камерасына түшүп калган видеодон кыздын каршылык көрсөткөнүнө карабай, эки эркектин кыздын колунан кармап, унаага салышканы көрүнөт. https://youtu.be/DL1vko4gFwc

Айзада Канатбекованы 5-апрелде уурдап кетишкен. Окуя болгондогу видео соцтармактарга тараган. Эки күндөн соң, кыздын жана аны уурдап, кийин муунтуп өлтүрүүгө шектелген жарандын жансыз денеси унаадан табылган.

edita