SerepTV Logo

Айзаданын өлүмү. Милиция кызматкерлерине "шалаакылык" беренеси менен иш козголду

Айзаданын өлүмү. Милиция кызматкерлерине "шалаакылык" беренеси менен иш козголду
Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

5-7 апрель күндөрү 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин өлтүрүлүшү боюнча факты Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан текшерилди. Анын жыйынтыгы менен Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ѳздѳрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарышкандыктарына же болбосо аткарбагандыктырына толук, ар тараптуу жана объективдүү баа берүү максатында, аларга карата Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестирине Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 2-бѳлүмү (шалаакылык) менен ѳндүрүш иши катталды. Тергѳѳ ишин жүргүзүү Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Unknown Author