SerepTV Logo

Айзаданын өлүмү. Милиция кылмыш иштин иликтениши тууралуу айтып берди

Айзаданын өлүмү. Милиция кылмыш иштин иликтениши тууралуу айтып берди
Бишкек шаардык ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Айзада Канатбекованын уурдалуу фактысы боюнча "Никеге туруу максатында ала качып кетүү" беренеси менен бирдиктүү реестрге катталган сотко чейинки өндүрүштү териштирет. Айзада 5-апрелде уурдалып, 7-апрелде анын сөөгү эки айылдын ортосундагы талаадан табылган. Ал унаанын ичинде Айзаданы уурдап кеткендердин бири Замирбек Теңизбаевдин да сөөгү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал биринчи Айзаданы футболкасы менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйган. 13-апрелде Бишкек ШИИББинен Айзаданын өлтүрүлүшү боюнча ишти Аламүдүн райондук милициясы иликтеп жатканын билдиришти. Кызды уурдоо менен өлтүрүү кылмышын бир соттук өндүрүшкө бириктирүү каралууда. Ал эми кызматтык шалаакылыкка жол берген милиция кызматкерлери боюнча ишти УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы териштирет. Буга чейин кылмышка шектелип 4 адам кармалган: 1995-жылы туулган, 1992-жылы туулган, 1989-жылы туулган, 1991-жылы туулган жаран. Алар Айзаданы уурдоого шектелип жатышат. Кармалгандар 2 айга СИЗО-1ге киргизилди. Шектүүлөр менен тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Соттун санкциясы менен уюлдук компаниялардагы абоненттер менен абоненттик түзмөктөрдүн байланыштары жөнүндө маалымат алынды. Кармалгандар менен тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Мындан тышкары, кылмышка шектүүлөрдүн адам өлтүрүүгө катыштыгы бары-жогун аныктоо үчүн окуя болгон күнү кийип жүргөн жеке буюмдары алынып, аларга соттук-биологиялык экспертиза дайындалат. Милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн Бишкек боюнча кыймылынын маршруту боюнча жайгашкан видеокөзөмөлдөөчү камералардан жазууларды алышты. Алардын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Башка күбөлөрдү аныктоо иштери жүрүүдө. Алар үйлөрүн тинтүүгө алышкан. Тергөө башка күбөлөрдү аныктоону улантууда. Мындан тышкары, Балыкчы шаардык милициясына кыздын энесин суракка алуу, аны киши уурдоо ишинде жабырлануучу жана мыйзамдуу өкүл деп таануу боюнча тергөө буйругу жөнөтүлдү. "Эненин абалын жана маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүн эске алуу менен аны суракка алуу мөөнөтү жылдырылган», - дешти ШИИББден.
Unknown Author