Айзаданын өлүмү. Кылмышка шектелген 3 жарандын мурда соттолгону маалым болду
Бүгүн, 11-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши каралып жатат.
Айыпталып жаткан беш адам - Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов сотко алып келинген эмес. Отурум онлайн режиминде жүрүп жатат, анткени айыпталуучулар эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкектеги СИЗО-1ден алынып келген жок. Соттун жүрүшүндө сот айыпталуучунун аты-жөнү такталды. Шектүүлөр Замирбек Раманкулов менен Кубаныч Токон уулу буга чейин эки жолу соттолгон. Ажыкабыл Рысбай уулу бир жолу соттолуп, Орузбек Нурумбетов кылмыш жоопкерчилигине тартылып, бирок ага каршы иш токтотулган. Айзада Канатбекованы 5-апрелде уурдап кетишкен. Окуя болгондогу видео соцтармактарга тараган. Эки күндөн соң, кыздын жана аны уурдап, кийин муунтуп өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаевдин жансыз денеси унаадан табылган.