Айзада Канатбекованын өлүмү. Жаңы жагдайлар ачыкталды
Бишкек ШИИББи 27 жаштагы Айзада Канатбекованын окуясы боюнча маалымат таратты.
Таратылган маалыматтын тексти:
"5-апрель күнү Айзада Канатбекованын апасы Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 1994-жылы туулган кызын кызыл түстөгү Хонда Цивик үлгүсүндөгү унаа менен (мамлекеттик номери 08KG933AHR) белгисиз адамдар Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен уурдап кеткенин айтып, аларга карата чара көрүүнү суранган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 175-беренесине (никеге туруу максатында адам уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Издөө иштеринин жүрүшүндө аталган унаа Кара-Балта шаарынын тургунуна таандык экени аныкталып, ал унаасын башка жаранга ижарага бергендигин айткан. Өз кезегинде ал жаран унааны улуу агасы жүргүнчүлөрдү ташуу максатында колдонорун билдирген. Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө ал өзүнүн тааныштары менен биргеликте кызды уурдап, белгисиз тарапка из жашырып кеткендиги аныкталган.
5-апрелде милиция кызматкерлери тарабынан Хонда Цивик унаасы Ак-Өргө конушу аркылуу өткөндүгү тууралуу маалымат такталган. Дароо Сосновка айылындагы постко милиция кызматкерлеринен турган кошумча нөөмөт коюлган. Шектүүлөрдү издөө иштери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык аймактарында уланып жатты. Иликтөөнүн жүрүшүндө күбөлөрдөн 5-апрель күнү 19:00 чамасында кыздын апасы кызы менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү, ал апасына үйгө келерин айткан. Түнкү саат 02:00 чамасында апасы милиция кызматкерлерине чалып, кызы келбегендигин айткан. Ошондой эле кыздын телефону апасы менен сүйлөшөрү менен өчүрүлгөндүгү аныкталды.
Белгилүү болгон маалыматтарга ылайык, экөө 4 айдан бери тааныш болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жигит кыз тууралуу тааныштарына көп ирет айткан жана ага үйлөнүү ниети бар экенин билдирген. Уурдалган кызды жана аны ала качканга шектүүлөрдү издөө иштери бир мүнөткө да токтотулган жок. Шектүүлөрдүн бардык мүмкүн болгон тааныштарынын даректери, иштеген жерлери жана башка байланыштары текшерилди.
7-апрель күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Аламүдүн РИИБге Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунда унаанын салонунда кыз менен эркек кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып маалыматты тактаганда, Honda Civic үлгүсүндөгү унаа табылып, аталган унаа кыз уурдоого шектелип изделип жаткан унаа экендиги аныкталган. Унаанын ичинде 1994-жылы туулган кыздын жана 1985-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Алардын денесине алдын ала кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан, ал эми эркек киши бычактан алган жаракаттан улам каза болгону аныкталган.
Жергиликтүү малчы аталган унааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн, бирок баткакка тыгылып калды деп маани бербегенин билдирген. 7-апрель күнү келип унааны караганда, унаадан жансыз денелерди көрүп дароо милиция чакырганын айткан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жаран кыз менен пикир келишпестиктен улам аны муунтуп өлтүрүп, андан кийин өз өмүрүнө ар кандай бычак жарааттарын келтирип кол салган.
7-апрель күнү кечинде кызды ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган шектүүлөр тууралуу толук маалымат аныкталып, аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бул сотко чейинки өндүрүштүк ишин иликтөө, тергөө жана шектүүлөрдү издөө иштери мыйзамдарды толук сактоонун негизинде жүргүзүлөт. Бул окуянын үстүнөн иш алып барган милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн Ички иликтөөлөр кызматы тарабынан текшерүү иштери дайындалды".