SerepTV Logo

Айзада Канатбекованын өлүмүнүн жаңы жагдайлары. Ал зордукталганбы?

Айзада Канатбекованын өлүмүнүн жаңы жагдайлары. Ал зордукталганбы?
Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча тергөө аяктап, иш сотко өткөн. Айзада Канатбекованын адвокаты Нурбек Токтакунов анын зордукталганын айтты. "Мен силерге Айзада Канатбекованын өлтүрүлүшүнө байланыштуу маалыматтарымды сунуш кылам. Ушул күнгө чейин Бишкек ШИИБ Айзаданы ала качуу жана өлтүрүү боюнча кылмыш ишинин тергөөсүн бүтүрүп, аны сотко жөнөттү. Маркум Замирбек Теңизбаев адамды уурдоо, өлтүрүү жана зордуктоого айыпталган. Тергөө Айзаданын зордукталганын көрсөттү. Анткени бул боюнча экспертиза белгилегендей, анын бетинде жана буттарында мындай учурларга мүнөздүү болгон дененин сыйрылгандыгы жана канталап көгөргөндүгү аныкталган. Ала качуунунун калган 5 катышуучусу дагы оор кесепеттерге алып келген адам уурдоого айыпталып жатышат", - деди ал. Мындан тышкары, көптөгөн кемчиликтерге карабастан, тергөөчү бул ишти сотко өткөрүүгө шашты дейт ал. 27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө иши жыйынтыкталып, материалдар 30-апрелде Биринчи май райондук сотуна кароого жөнөтүлгөн. Замирбек Теңизбаевдин үстүнөн Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) жана 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Аталган фактылар бир сотко чейинки өндүрүш ишине бириктирилген. Бирок Замирбек Теңизбаевдин өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши токтотулган. Айзаданы уурдоо фактысы боюнча 4 шектүү кармалган, алар учурда камакта.
edita