SerepTV Logo

Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча соттук отурум адвокаттын жоопкерчиликсиздигинен 11-июнга жылдырылды

Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча соттук отурум адвокаттын жоопкерчиликсиздигинен 11-июнга жылдырылды
Бүгүн, 27-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча соттук отурум өтмөк.

Белгилей кетсек, айыпталуучулардын бешөө - Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов, ошондой эле Орузбек Нурумбетов сотко алып келинген эмес. Процесс онлайн режиминде жүрмөк. 

Бирок сот, Салтанат Есенкулова соттук отурумду 11-июнга жылдырды. Буга айыпталуучулардын биринин адвокатынын жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болду. Маалыматка караганда, адвокат соттук отурум өтүүчү Биринчи май райондук сотуна эмес, Свердлов райондук сотуна барып алган.

Эске салсак, Айзада Канатбекованы 5-апрелде уурдап кетишкен. Окуя болгондогу видео соцтармактарга тараган. Эки күндөн кийин, уурдаган жарандын жана Айзаданын жансыз денеси унаадан табылган. Кийинчерээк, Айзаданы өлтүрүү боюнча кылмыш иши жабылганын айтылган. Буга өлтүргөн жарандын кошо каза болгондугу себеп болгон. Ал эми адам уурдоого шектелген 5 жарандын иши сотко өткөн. Бүгүн дал ошол беш шектүүгө карата соттук отурум болмок.

edita