SerepTV Logo

Айзада Канатбекованы уурдоого шектелгендердин дагы бири кармалды

Айзада Канатбекованы уурдоого шектелгендердин дагы бири кармалды
Айзада Канатбекованы уурдоого шектелгендердин дагы бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти. Маалыматка караганда, 1989-жылкы жаран учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө  иштери жүрүүдө. 5-апрель күнү Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы 3 бала күчтөп унаага салып кетишкен. 7-апрелде кыз менен аны уурдоого шектелген жарандын жансыз денеси табылган. Ошо эле күнү кечинде кызды уурдап качууга жардам бергендердин бири 1992-жылы туулган жаран кармалган.  Бул факты боюнча Жазык кодексинин 98-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Unknown Author