SerepTV Logo

Айзада Канатбекова уурдап кеткен жарандын футболкасы менен муунтулуп өлтүрүлгөн

Айзада Канатбекова уурдап кеткен жарандын футболкасы менен муунтулуп өлтүрүлгөн
Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча Айзада Канатбекова жумшак нерсе менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Сереп Медиага Аламүдүн райондук соттук-медициналык эксперти Арслан Качкынов билдирди. Ал эми аны ала качкан киши экспертизага аты-жөнү белгисиз жаран катары келип түштү. «Ички иштер министрлигинин кызматкерлери анын аты-жөнүн тактаган тиешелүү документтерди алып келсе, анын да сөөгүн ачып, экспертиза жүргүзүлөт. Азырынча сырттан кароо жүргүзүлдү. Алдын ала версия боюнча мойну кесилген. Экспертизанын корутундусу бир айдан кийин дайын болот», - деди эксперт. Ал эми Бишкек ШИИББ кызматкерлери маалымат жыйын учурунда Айзада Замирдин футболкасы менен муунтулуп өлтүрүлгөнүн билдиришти. Замир Теңизбаев өзүнүн канцеляриялык бычак менен 3 жеринен кескен, бир жеринде жаракат терең болуп көп кан кеткен.
Unknown Author