Айза Улан кызынын өлүмүнө шектүү соттун чечими менен камакта калды
Биринчи Май райондук сотунун 13-майындагы токтому менен Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Айыпталуучу 10-июлга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.
Ал жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесине кармалат.
9-январда Ички иштер министрлигинин Академиясынын 1998-жылы туулган курсантын унаа сүзүп кеткен. Окууга бара жаткан жабырлануучу каза болгон. Кылмышка шектүү катары Тойота үлгүсүндөгү унаанын 1974-жылы туулган айдоочусун кармалган. Кийин Башкы прокуратура маалымат таратып, кылмышка шектүүнүн баласы кармалганын билдирген. Уулунун күнөөсүн атасы мойнуна алганы маалым болгон. 12-майда кылмышка шектелип анын уулу кармалган.