SerepTV Logo

"Айылдашы көргөн". Ошто 41 жаштагы аялдын жансыз денеси асынган абалда табылды

"Айылдашы көргөн". Ошто 41 жаштагы аялдын жансыз денеси асынган абалда табылды
Ошто 41 жаштагы аялдын жансыз денеси асынган абалда табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти. 19-сентябрь күнү Кара-Кулжа РИИБге аял киши асынып алган боюнча кабар келип түшкөн. Аталган факты катталып, териштирүү иштери башталган. Алгачкы териштирүүнүн жүрүшүндө, 19-сентябрга караган түнү 1982-жылы туулган Кара-Кулжа районунун тургуну кородо асылып турган жеринен айылдашы көрүп, кабар берген. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык юридикалык баа берилет. Учурда тергөө иштери улантылууда.