SerepTV Logo

Айсулуунун өлүмүнө шектүү Кумарбек жазасын жеңилдетүү үчүн сотторго 10 миң доллар бергенин айткан

Айсулуунун өлүмүнө шектүү Кумарбек жазасын жеңилдетүү үчүн сотторго 10 миң доллар бергенин айткан
Октябрь айында 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны өлүмүнө шектүү катары Кумарбек Абдыров кармалган. Тергөө маалында анын ушул сыяктуу башка бир нече кылмышка да тиешеси бар экени, ал тургай буга чейин 12 жылга кесилип, бирок шаардык сот анын жазасын 7 жылга чейин кыскартканы белгилүү болгон. Абдыров ушул жылы октябрда кармалгандан кийин тергөөчүгө мурда жазасын жеңилдетүү үчүн жактоочу аркылуу сотторго 10 миң доллар пара берип, абактан эрте чыкканын айтып берген. ИИМдин маалыматынын негизинде кечээ, 21-ноябрда Башкы прокуратура Судьялар кеңешине кайрылып, чечим чыгарган үч сотту жоопкерчиликке тартууга уруксат сурап өтүнмө жөнөткөн. Комиссия макулдугун берген.