SerepTV Logo

Айланма жолдогу жол кырсыктан 2 киши эмес, 1 адам каза болгону ырасталды. Окуянын чоо-жайы

Айланма жолдогу жол кырсыктан 2 киши эмес, 1 адам каза болгону ырасталды. Окуянын чоо-жайы
Айланма жолдо №128 кичи автобус менен жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, жол кырсык бүгүн, 7-ноябрда саат 11:40 чамасында Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде болду. Жол кырсыктын кесепетинен 1994-жылы туулган адам көз жумду. Буга чейин 2 адамдын каза болгондугу айтылган. Кырсыктан 18 адам жабыркап, Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. Кырсыктын себеби такталууда.